• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Шайлоо учурундагы жардырууда 25 киши өлдү

21 Тогуздун айы 2018 12:49 Бишкек Govori.TV
Бишкек.21.10.2018.Govori.TV.
Шайлоо бекетинде жана өкмөттүк күчтөргө кол салуудабери дегенде 25 киши набыт болду. Бул тууралуу “Азаттык” радиосунун Ооган кызматы маалымдады.
Медициналык кызматтын өкүлдөрү Кабул аймагындагы бир нече жардыруудан кеминде үч киши өлүп, отуздан ашыгы жарадар болгонун маалымдады. Гор борбордук провинциясында 11 полиция, Тажикстан менен чектеш Кундуз провинциясынын түндүгүндө үч киши каза болгон.
Ооган президенти Ашраф Гани кол салууларга карабай “бардык оогандыктар, жаштар, карылар, аял-эркектер добуш берүү укугуңарды пайлангыла” деп элди үндөдү. Өлкөнүн добуш берүүгө укуктуу 12 миллион калкынын 9 миллионго жакыны каттоодон өткөн. Каттоодон өткөндөрдүн 34% аялдар. Ооганстандын парламентинин төмөнкү палатасындагы 249 орунга 2565 талапкер ат салышууда. Алардын 400дөн ашууну аялдар.
“Талибан” кыймылы жана өздөрүн “Ислам мамлекети” атап алган террордук уюмдун аймактагы өкүлдөрү шайлоого бойкот жарыялоого чакырышкан.
Көз карандысыз шайлоо комиссиясы айрым шайлоо аймактарында добуш берүү бир күнгө узартылганын маалымдады. Анткени техникалык жана уюштуруу иштериндеги көйгөйлөрдөн улам 20-октябрда шайлоочулар добуш бере албай калышкан. BBC шайлоонун жыйынтыгы ноябрь айына чейин чыгарын жазды.
Количество просмотров: 23