Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы шаардык кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоодо добуш берүү күнү саат 13:00гө карата «Жалпы иш» коомдук фондунун байкоочулары 22 мыйзам бузууну катташты:
Бишкек шаарында 13, Ош шаарында 9.
Алардын ичинен Бишкекте төмөнкү бузуулар катталды:
Шайлоо участкаларды ачууда процедуралык бузуулардын 6 фактысы катталган.
Добуш берүүнүн купуялыгы бузулган 4 факт (анын ичинде бюллетендин сүрөткө жана видеого тартуу).
Добуш сатып алуу боюнча 2 факт катталды.
Саясий партиянын өкүлү тарабынан шайлоочулардын тизмесин байкоо жүргүзүү боюнча 1 факт.
Ош шаарында катталгандардан:
Шайлоо участкаларды ачуу учурунда процедуралык мыйзам бузуулардын 5 фактысы.
Партия өкүлү шайлоочулардын тизмесин жана добуш берүүнүн жол-жобосун көзөмөлдөгөн 2 факт.
УШКда уруксатсыз адамдардын бар экендиги жөнүндө 2 факт.
Токмок шаарында мыйзам бузуулар катталган жок.