• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Шайлоо жана референдумду 183 эл аралык байкоочу көзөмөлдөп, 200 дөн ашык ЖМК чагылдырат

11 Чын куран 2021 9:54 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Кыргызстанда өтүп жаткан жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдумга башка өлкөлөрдүн 10 шайлоо органынын, 10 эл аралык уюмдардын жана Кыргызстандагы 16 дипломатиялык өкүлчулүктөрдүн атынан 31 өлкөдөн келген 183 эл аралык байкоочу көз салышууда. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирди.

Мындан тышкары 11 коомдук уюмдун коомдук байкоочулары шайлоо өнөктүгүн көзөмөлдөшүүдө.

Шайлоо процессин Кыргызстандын 179 катталган жана 25 чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары чагылдырат.

Белгилесек, Кыргызстанда жергеликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жана референдумга добуш берүү жүрүүдө. Добуш берүү үчүн өлкө аймагында 2 миң 483, чет өлкөлөрдө 48 шайлоо тилкеси түзүлгөн.

Кыргызстанда 28 шаардык кеңешке 796 депутат, 420 айылдык кеңешке 7 миң 560 депутат шайланат. Жергиликтүү кеңештерге добуш берүү үчүн тизмеге 3 млн 318 миң 130 жаран, референдумга добуш берүү үчүн тизмеге 3 млн 606 миң 201 жаран киргизилген.

Количество просмотров: 44