• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Рита Карасартова үйүндө тинтүү жүрүп жатканы тууралуу кабарлады

14 Чын куран 202522:49 Бишкек Govori.TV

Укук коргоочу Рита Карасартова өз үйүндө тинтүү жүрүп жатканын 14-апрелде кечке маал Фейсбукка жазды.

«Эртең Канышайга (ред. тергөө абагында жаткан журналист Канышай Мамыркуловага) «кемпирабадчылардын» атынан тамак киргизели деп камынып жүрсөм, үйүмө тинтүү жасап атыптыр. Тилекматтын каты боюнча окшойт. Ал катты СМС кылып эле жиберген, үйдөн эмне издеп атышат экен? Баратам үй жакка», — деп билдирди Карасартова.

Ал кайсы органдын кызматкерлери тинтүү жүргүзүп жатканын тактаган жок. Азырынча Ички иштер министрлиги же Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бул боюнча комментарий бере элек.

Рита Карасартованын үйүндө тинтүү жүрүп жатканын Кыргызстандан чыгып кеткен укук коргоочу Азиза Абдирасулова да Фейсбукка жазды.

14-апрелде түш оой Карасартова Фейсбукка чет өлкөдө жүргөн активист Тилекмат Кудайберген уулуна (Куренов) таандык делген катты жарыялаган.

«Бир нече күндөн бери Бириккен Араб Эмираттарында жүргөн мекендешибиз Тилекмат Куреновдон маалымат жок. Жоголордун алдында, сезгендей эле, мага мындай СМС жиберген: «Эже, менин акыбалым кыйындап баратат окшойт. Азыр бир кат жиберем, эгер кармалсам же дагы бир нерсе болсо чыгарып коюңузчу, эч кимге ишенбей калдым» деп жазган. Аманатын аткарайын», — деп билдирген Карасартова.

Булак: Азаттык

Количество просмотров: 328