• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Шайлоодо 34 чет мамлекетте 100 шайлоо тилкеси ачылмай болду

29 Тогуздун айы 202517:04 Бишкек Govori.TV

30-ноябрда өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо 34 чет мамлекетте 100 шайлоо тилкеси ачылмай болду. Бул тууралуу 29-октябрда өкмөттө шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штабдын жыйынында айтылды.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) буга чейин чет өлкөлөрдө 91 добушкана ачыларын билдирген.

Шайлоо тууралуу жаңы мыйзамда аралыктан добуш берүү ыкмасы киргизилген. Анда онлайн идентификация аркылуу ар бир жаран өзүнүн округунан сырткары каалаган жердеги шайлоо участкасынан аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгү каралган.

Количество просмотров: 134