• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

«Эки эсе аз». Шайлоо сайын саны азайган шайлоочулар…

28 Жетинин айы 2021 19:06 Бишкек Govori.TV

Бул жолку парламенттик шайлоого келгендердин саны аз болуп жатканы кабарланууда. БШКнын акыркы берген маалыматына таянсак, 18:00гө карата шайлоочулардын 28,36 пайызы добуш беришкен. Эң активдүү шайлоочулар Ош шаары менен Баткен облусунда байкалган. Ал эми шайлоочулар аз келүүсү Чүй жана Ысык-Көл облустарында байкалууда.

Ал эми өткөн шайлоодогу жарандардын активдүүлүгү менен салыштырганда бул жолу шайлоочулар кыйла аз келгенин көрүүгө болот.

Нет описания.

Белгилей кетсек, өлкө боюнча 3 миллион 700 миңден ашык жаран шайлоочулардын тизмесине киргизилген.

Ал эми президент Садыр Жапаров жарандарды активдүү катышууга чакырып, а түгүл облус жетекчилерине «шайлоочуларды жетелеп алып келгиле» деген тапшырма да койгон.

Борбордук шайлоо комиссиясы берген маалыматка таянсак, партиялык тизме менен келе турган 54 мандатка 21 партиядан 1004 талапкер, ал эми бир мандаттуу округдардан шайлана турган 36 орунга 287 талапкер ат салышып жатат.

Эске салсак, былтыр 4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгы элдин нааразылыгынан улам жокко чыгып, өлкөдө бийлик алмашкан. Жаңы келген бийлик жаңы Конституция кабыл алып, өлкө президенттик башкарууга өткөн.

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышы мөөнөтүнөн бир жыл ашык иштеди.

Количество просмотров: 340