• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

«30 округдан үчтөн депутат шайланат». Шайлоо жөнүндө жаңы мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду

18 Бирдин айы 20259:42 Бишкек Govori.TV

«Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору бүгүн, 17-февралдан тарта коомдук талкууга коюлду.

Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу , депутаттар Нурбек Сыдыгалиев, Акылбек Түмөнбаев, Кундузбек Сулайманов, Марлен Маматалиев, Улан Примов, Данияр Төлөнов, Жумабек Салымбеков, Чыңгыз Ажибаев демилгелеген.

Сунушталып жаткан жаңы мыйзам долбооруна ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын  шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу аймактык шайлоо округу түзүлөт, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты шайланат. Ал эми талапкерлерди көрсөтүү укугу саясий партияларга жана жарандарга (өзүн-өзү көрсөткөндөргө) берилет.

Дагы бир сунушталып жаткан өзгөртүү депутаттын орду бошогондо (мандатынан ажыратылып же тапшырса) ордуна кайра шайлоо өткөрүлбөйт. Ошол округдан добуш боюнча кийинки орунду алган талапкерге мандат берилет. Аялдын ордуна аял гана келет.

Дагы кандай өзгөртүүлөр сунушталып жатканын кененирээк төмөндөн тааныша аласыз:

Эске салсак, учурда өлкөдө аралаш шайлоо системасы колдонулат. Ага ылайык, Жогорку Кеңештин 54 депутаты партиялык тизме аркылуу, 36 депутаты бир мандаттуу округдардан болуп, жалпы 90 депутат шайланат.

Количество просмотров: 324