• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

ИИМ: Парламенттик шайлоого байланыштуу 408 мыйзам бузуу катталды

28 Жетинин айы 2021 10:58 Бишкек Govori.TV

Парламенттик шайлоого байланыштуу 408 мыйзам бузуу катталды. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов брифинг учурунда билдирди.

«408дин ичинен 67си кылмыш, 76сы жорук, 265и электрондук маалымат журналына катталган. 265тин ичинен 175и кылмыш жана жоруктун курамы аныкталбагандыктан чыгышталган. Анын ичинен 37 фактысы аймактык шайлоо комиссиясына жиберилген. Ошондой эле 22си учурда каралууда. Шайлоо баннери боюнгча 72 факты катталды”, — деп билдирди Урмамбетов.

Бүгүн, 28-ноябрь Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаттарын шайлоо күнү. Шайлоо тилкелери эртең менен саат 8:00дөн тартып кечки саат 20:00гө чейин иш алып барышат. Кыргызстандын аймагында жана чет жерлерге жалысынан 2494 шайлоо тилкеси уюштурулган. Өлкө боюнча 3 миллион 700 миңден ашык жаран шайлоочулардын тизмесине киргизилген. Бул жолу Жогорку Кеңешке 90 депутат келет. Ал эми шайлоочулар колдоруна 2 бюллетень алат, биринчиде жаран партияны жана анын ичиндеги бир талапкерди тандаса, экинчисинде бир мандаттуу шайлоо округунан талапкерлигин койгон адамды тандай алат.

Количество просмотров: 44