• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Шайлоодо добуш берүүнүн алгоритми жарыяланды

28 Аяк оона 2020 17:40 Бишкек Govori.TV

Шайлоону уюштуруу жана өткөрүү мезгилинде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана жарандардын ден-соолугун коргоо боюнча иш-аракеттердин алгоритми иштелип чыкты. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Маалым болгондой, алгоритм БШК жана Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу тобокелчиликти алдын алуу максатында, депутаттарды шайлоону уюштуруу жана ѳткѳрүү мезгилинде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун коргоону камсыз кылуу максатында иштелип чыккан. 

Ага ылайык, шайлоо күнү добушканаларда жараянга катышкандардын баары дезинфекциялоо каражаттарын, бет кап, мээлей колдонуп, 1,5-2 метр аралыкты сакташы керек. Башкалар менен кол кармашып учурашууга болбойт. Бул талаптар биометрикалык жана жеке маалыматтар боюнча шайлоочулардын идентификациялоодон ѳткѳн учурларынан башка бардык жараяндарда сакталууга тийиш.

Белгилей кетсек, өлкөдө парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышып жаткан кези.

Количество просмотров: 95