Бүгүн, 4-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды.
Анда шайлоо босогосун 9%дан 7%га чейин төмөндөтүү мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Мыйзам долбоорунун демилгечилери Мамытов Т.Т., Бакиров О.М., Турсунбаев А.А., Нурматов К.С., Сулайманов А.Т., Тулендыбаев П.Р., Самат Гульнара-Клара, Маматалиев М.А., Маннанов И.А., Сыдыгалиев Н.О., Тагаев Э.С., Туманбаева Р.М., Ормонов У.З., Баймуратов К.Ш., Кыдыралиев У.Т., Турусбеков Б.С., Бакиров М.И., Дюшалиев А.К., Жамалдинов З.И., Мамашова А.Т., Иманалиев К.К.