• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Шайлоодогу мыйзам бузууларга туш болгон жарандар кайда кайрыла алат?

4 Тогуздун айы 20209:19 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 4-октябрда Кыргызстандын бардык аймактарында Жогорку Кеңештин VII чакырылыштагы депутаттарын шайлоо өтүп жатат.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, шайлоо тилкесиндеги комиссияларга көмөктөшүү, материалдык-техникалык камсыздоо жана санитардык режимди сактоо маселелери тууралуу ыкчам жооп кайтаруу максатында акимиаттардын базасында ыкчам штаб жана аймактык колл-борборлор түзүлгөн.

Шайлоо тилкелериндеги мыйзам бузууларга туш болгон жарандар төмөнкү ыкчам номурлар аркылуу мэрия менен түз байланышса болот.

  • Шаардык ыкчам штабдын номуру: 97-91-95 (1041) факс: 61-01-70, 0 552 590 123 ( WhatsApp аркылуу билдирүүлөр үчүн );
  • Биринчи май району: 66-15-37, 0999 312 078 ( WhatsApp аркылуу билдирүүлөр үчүн);
  • Ленин району: 65-69-02, 0508 725 767 (WhatsApp аркылуу билдирүүлөр үчүн);
  • Октябрь району: 57-66-50, 0550 340 443 (WhatsApp аркылуу билдирүүлөр үчүн);
  • Свердлов району: 36-07-07, 0772 530 508 (WhatsApp аркылуу билдирүүлөр үчүн).

Ошондой эле шайлоодогу мыйзам бузууга туш болсоңуз же юридикалык жактан кеңешке муктаж болсонуз Борбордук шайлоо комиссиясынын 1255 (чалуу акысыз) жана 0999 02 12 55 ( WhatsApp аркылуу билдирүүлөр үчүн) номуру аркылуу же [email protected] электрондук дарекке билдирүү жөнөтсөңүз болот.

Количество просмотров: 20