• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Шайлоого карата алгоритм иштелип чыкты

23 Жалган куран 2021 16:07 Бишкек Govori.TV

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги Борбордук шайлоо комиссиясы менен биргеликте шайлоо учурунда элдин саламаттыгына кам көрүү жана санитардык эпидемиологиялык коопсуздугун камсыз кылуу максатында атайын алгоритм иштеп чыкты. Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Маалыматка караганда, алгоритмде бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, шайлоо комиссиялары, жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлер, макул жана каршы топтор, алардын өкүлдөрү, шайлоого катышкан жарандар, юридикалык жана жеке жактар ​​үчүн милдеттүү болгон бир катар талаптар камтылган.

Референдум жана жергиликтүү кеңештерге депутат шайлоо 11-апрелде өтөт.

Количество просмотров: 72