• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Шайлоого карата кайсы партия канча акча топтоду? (тизме)

5 Жетинин айы 2021 12:12 Бишкек Govori.TV

БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышкан, бирдиктүү шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын шайлоо өнөктүгүн каржылоо үчүн түзүлгөн шайлоо фонддорунун каражаттары жөнүндө маалымат берди.

Мыйзам ченемдерине ылайык саясий партиялардын шайлоо фонддору төмөнкү акча каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн*:

  • 1 500 000 сомдон ашуусу мүмкүн болбогон талапкердин өз каражаттарынан;
  • 100 000 000 сомдон ашуусу мүмкүн болбогон, саясий партиянын өз каражаттарынан;
  • 200 000 сомдон ашуусу мүмкүн болбогон, жеке жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөрүнөн;
  • 3 000 000 сомдон ашуусу мүмкүн болбогон, юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөрүнөн.

Мында талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын шайлоо фондунун келип түшкөн жана чыгымдалган акча каражаттарынын чектелген суммасы 300 000 000 сомдон ашуусу мүмкүн эмес.

*«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык тыюу салынбаган адамдар жана уюмдар шайлоо фонддорун түзүлүшү мүмкүн.

Шайлоого 21 саясий партия катышууда.

 «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу банк мекемелеринен алынган маалыматка ылайык 2021-жылдын 3-ноябрына карата саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерине жалпы суммасы 120 180 392 сом акча каражаттары түшкөн.

Шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланыштуу чыгымдарды саясий партиялардын шайлоо фонддорунын каражаттарынан жабууга 102 478 016 сом сарпталган (төмөнкү таблицаны караңыз):

с/п №Саясий партиянын аталышыТүшкөн каражатЧыгымдалышы
1«Ата Мекен» 4 450 0003 503 256
2«Бүтүн Кыргызстан» 6 977 3506 829 960
3«Альянс» 12 931 41512 927 235
4«Легалайз» 1 051 0001 013 867
5«Ыйман Нуру» 2 646 2002 337 220
6«Күчтүү регион» 1 000 2501 000 150
7«Багыт» 1 067 3501 000 150
8«Ынтымак» 8 481 0487 422 266
9«Ишеним» 21 236 24119 572 399
10«Азаттык», 6 950 9084 964 036
11«Мекенчил Эл» 2 771 6102 401 975
12«Кыргызстандын жашылдар партиясы» 1 050 0001 000 150
13«Жашасын Кыргызстан»1 017 1501 000 150
14«Социал-демократтар» 2 160 3102 079 825
15«Аруузат» 1 125 2001 060 450
16«Кыргызстандын Биримдиги патриоттук партиясы» 1 449 0001 439 620
17«Улуттар Биримдиги» 3 440 0902 439 349
18«Эл Үмүтү» 11 687 34010 827 821
19«Ордо» 1 225 0001 030 300
20«Улуу-Журт» 1 021 2001 000 000
21«Ата-Журт Кыргызстан»26 441 73017 627 837
 БААРДЫГЫ:120 180 392102 478 016
Количество просмотров: 341