• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Шайлоого катышуу ниетин билдирген партиялардын саны 38ге жетти

2 Аяк оона 2021 21:17 Бишкек Govori.TV

2-сентябрь, саат 18.00го карата Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 38 саясий партиядан Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу ниети жөнүндө билдирме түштү. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, «Биздин эл», «Жаңы ЭРА», «Аруузат-Эл Куту», «Жаңы Мезгил», «Бүтүн Кыргызстан» партиясы шайлоого катышуу ниетин билдиришти.

Буга чейин БШКга «Социал-демократтар», “Улуттар биримдиги”, “Ишеним”, «Альянс», “Кыргызстандын жашылдар партиясы”, “Жаратман Эл”, «Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партия», «Ата Мекен», «Ыйман Нуру», «Эл үмүтү», “Актив”, “Бийлик элге”, «Акыйкат Кыргызстан», «Ар-Намыс», «Кыргызстандын саясий күчтөрүнүн альянсы», «Ак Асаба” партиясы билдирме тапшырган.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Ага катыша турган партиялар билдирмесин БШКга 3-сентябрга чейин тапшырышы зарыл.

Количество просмотров: 275