Кыргызстанда өткөн шайлоолорду улам кийинкисине шайлоочулардын келүүсү азайып жатканы маалым. Алсак, 2017-жылдагы президенттик шайлоого шайлоочулардын дээрлик 56% катышса, 2021-жылдагы президенттик шайлоодо ал 39,75% гана түзгөн. Ал эми 2021-жылы Жогорку Кеңешке болгон шайлоого шайлоочулардын 34,93 пайызы келген.
Бул маселе боюнча депутаттар тарабынан түрдүү сунуштар айтылып келет. Айрымдар шайлоочулардын шайлоого келүүсү үчүн кандайдыр бир жеңилдиктерди түзөлү десе, айрымдар шайлоого келүүнү милдеттүү кылып, келбегендерге айып салалы деген сунуштарын айтышкан.
Шайлоочулар саясий иш-чараларга эмне үчүн мындай мамиле кылат жана добуш берип жарандык милдетти аткаруу канчалык маанилүү экенин ЖК депутаттарынан сурап көрдүк: