• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Шайлоого катышууну каалаган партиялардын саны 15ке жетти

2 Аяк оона 20219:08 Бишкек Govori.TV

28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого катышууну каалаган партиялардын саны 15ке жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Ага ылайык, «Актив», «Бийлик элге», «Акыйкат Кыргызстан», «Ар-Намыс» жана «Кыргызстандын саясий күчтөрүнүн альянсы» партияларынан шайлоого катышуу тууралуу билдирүү түштү.

Буга чейин БШКга «Кыргызстандын жашылдар партиясы», «Социал -демократтар», «Улуттар биримдиги», «Ишеним», «Альянс», «Жаратман эл», «Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партия», «Ата Мекен», «Ыйман Нуру», «Эл үмүтү социалдык саясий партиясы» шайлоого катышарын билдирген.

Эскерте кетсек, 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоо жаңы Конституция жана шайлоо мыйзамына ылайык өткөрүлөт. Жаңы келе турган парламентте 90 депутат болот. Алардын 54ү партиялык тизме жана 36сы бир мандаттуу округ аркылуу шайланат.

Количество просмотров: 115