• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Шайлоого жарандардын 34,39 пайызы катышты

29 Жетинин айы 20219:14 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 29-ноябрь саат 07:30гө карата автоматтык эсептөөчү урналардын (АСУ) маалыматы боюнча, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого 3 миллион 703 миң 420 шайлоочунун ичинен 1 миллион 273 миң 557 жаран добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында маалымдалат.

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча 2 430 АСУнун 2494үнүн ( 97.43%) маалыматы алынды. Добуш берүүгө шайлоочулардын жалпы санынын 34, 39 пайызы катышкан.

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча 2435 АСУнун ичинен 2431нин маалыматы алынды.

Жалпысынан добуш берүүгө 3 млн 519 миң 292нин 1 млн 264 миң 103ү келген.

Теги:
Количество просмотров: 198