Жергиликтүү шайлоонун алдында айрым шаарларда убактылуу каттоого турган жарандардын саны кескин өсүп жатканына байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөлөрү Жогорку Кеңешке чакырылат.
Мындай сунушту депутаттар Кенжебек Бокоев жана Жанарбек Акаев 13-февралда көтөрүп, колдоо тапты.
Жанарбек Акаев шайлоого чейин алты ай аралыгында каттоого тургандарды добуш берүүгө катыштырбоо маселесин карап чыгууну айтты.