• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Шайлоонун шарапаты менен курулган көпүрө эки жылдан бери бүтпөй турат

4 Тогуздун айы 2018 8:49 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 04.10.2018.Govori.TV.
Токтогул районунун, Ничке-Сай айылында эки жылдан бери бүтпөй турган көпүрөнүн тасмасы, элдин бийликке болгон нааразычылыгын жаратты. Анткени, эки айылды байланыштыруучу көпүрө шайлоонун шарапаты менен курулган.
Чыгашасы 42 миллион сомду чапчыган. Бирок, шайлоо бүтөөрү менен башталган иш бүтпөгөн бойдон калган.
Жергиликтүү эл «Бийлик элди алдабаса, баштаган ишти бүткөрүп берсе», — деп кайрылышкан.
Тасмадан көпүрөнүн фундаменти курулуп, бирок бүтпөй калганын көрүүгө болот. Мындан сырткары ал жолду эки жакка ажыратып, өткөн адамдарга чоң көйгөй жаратууда. Айыл тургундарынын жана жергиликтүү депутаттардын айтуусунда бул жерге бир нече ирет авто унаалар дагы кулап түшкөн. Окуучулар баткакты кечип өтүп окууга барышат. Бүтпөгөн көпүрөдөн алыс эмес жерде чоң суу аккандыктан, айыл адамдары кезектешип окуучулардын коопсуздугун көзөмөлдөшөт.

https://www.facebook.com/aiat.talipova/videos/171694427078758/

Количество просмотров: 78