• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Шайназаров: Административдик ресурс колдонуу боюнча 17, добуш сатып алууга байланыштуу 13 даттануу түштү

10 Үчтүн айы 2021 12:56 Бишкек Govori.TV

Президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын тандаган референдумдун жүрүшүндөгү мыйзам бузуулар боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) 61 кайрылуу түштү. Аны активисттер жана байкоочулар жиберген.

БШКнын мүчөсү Тынчтыбек Шайназаровдун айтымында, даттануулардын 13ү добуш сатып алууга, 17си административдик ресурсту колдонууга, жетөө үгүт жүргүзүүгө, экөө жапырт добуш берүүгө, экөө шайлоочулардын укугун бузууга, экөө бейбаштыкка байланыштуу. Башка мүнөздөгү 12 кайрылуу бар.

Шайназаров жарандарга басым көрсөтүүгө эч кимдин акысы жоктугун белгиледи.

Бүгүн, 10-январда Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум өтүп жатат. Өлкөдө 2474, чет мамлекеттерде 48 добуш берүү тилкеси ачылган.

Саат 10:00гө карата президенттик шайлоого жарандардын 2,80%, же болбосо 99 772си катышты. Ал эми башкаруу формасын аныктаган референдумга добуш бергендер 2,78% (98 894 адам) түздү.

Добушканалар эртең менен саат 8:00дө ачылган, кечки саат сегизде добуш берүү токтотулат.

Количество просмотров: 68