• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Шайназаров БШКга жөн келген жокпу?

11 Аяк оона 2020 11:32 Бишкек Govori.TV

Акыркы БШКнын кетирген мүчүлүштүктөрдөн кийин менин болжолумда төрайымды алмаштырып коюсу керек болчу. Мындай пикирин БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев «Майдан» көрсөтүүсүндө соцтармактан келген суроолорго жооп берип жатып айтты.

Анын айтымында, жаңы дайындалган БШКнын мүчөсү Тынчтык Шайназаров Шайлдабекованын ордуна төрага болуп калуусу мүмкүн, бул мурун кийин аралашпаган деген жүйө менен.

«Бирок, антип айтайын десем акыркы «Бүтүн Кыргызстандын» ишинде келгенине эки саат боло элек жатып, кол көтөрүп колдоп койду. Окубай туруп, чечим кабыл алгандай эле болду. Азыркы учурда эгер төрайымды алмаштырыш керек болсо бир эле талапкерди көрүп жатам, атайы «өйдөдөн» түшуп келди», — деди ал.

Количество просмотров: 223