• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Шакиев: Ар бир бийликтин өзүнө ылайыктап жазган мыйзамынын келечеги болгон эмес

15 Жетинин айы 2022 10:31 Бишкек Govori.TV

Ар бир бийликтин өзүнө ылайыктап жазган мыйзамынын келечеги болгон эмес. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда өткөн тегерек столдо Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев билдирди.

«Парламент сөз эркиндиги боюнча маселеде сыртта карап турбайт. ЖМКларга байланыштуу мыйзамдар Жогорку Кеңеште каралат. Коомдо аз сын пикир болуш үчүн мыйзамдар менен жакындан таанышып, талкуулоо үчүн келип отурабыз. Биз каалайбызбы каалабайбызбы биздин өлкөдө сөз эркиндигинин ролу жогору. Анча мынча терс көрүнүштөр дагы жок эмес, деген менен аны эки тараптуу карашыбыз керек. Сөз эркиндигинин кадырын жоопкерчиликсиз мамиле түшүрүп коюп жатат. Жакшы менен жаманын бирдей чагылдыруу биздин милдет. Мен өзүм сөз эркиндигин коргоочусумун. Ал эми парламентте сөз эркиндигин жактаган депутаттар жетиштүү. Ар бир бийлик өзүнө ылайыктап жазган мыйзамдын келечеги болгон эмес.
Кандай гана мыйзам болбосун келечекке багыт алышы керек», — деди Шакиев.

Белгилей кетсек, Бишкекте «Сөз эркиндиги жана пикир билдирүү эркиндиги: мыйзам түрүндөгү демилгелер» деп аталган тегерек стол өтүп жатат. Анда сөз эркиндигинин абалы, ЖМКларга байланыштуу мыйзамдар, Кыргызстандагы сөз эркиндигине болгон чакырыктар жана коркунучтар талкууланууда.

Количество просмотров: 77