• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Шакиев Бакуда Гейдар Алиевдин күмбөзүнө гүлчамбар койду

16 Бугу 2023 15:50 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Баку шаарындагы иш сапарынын алкагында башка өлкөнүн парламенттеринин делегация башчылары менен бирге Азербайжандын жалпы улуттук лидери Гейдар Алиевди эскерип, күмбөзүнө гүлчамбар койду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирет.

Андан соң иш-чаранын катышуучулары Гейдар Алиевдин өмүр жолун чагылдырган фотокөргөзмө менен таанышты.

Алсак, быйыл Гейдар Алиевдин 100 жылдыгы белгиленүүдө. Андыктан бүгүнкү иш-чарада улуу мамлекеттик ишмер тууралуу кеңири талкуу болуп, жыйындардын алкагында бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушуулар өтөрү күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, төрага Нурланбек Шакиевди Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов, Азербайжан менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Искендер Матраимов жана Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, Кыргыз Республикасынын Баатыры Медеткан Шеримкулов коштоп жүрөт.

Количество просмотров: 68