• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ала-Тоо чокуларанын бирине журналист Улан Эгизбаевдин атын коюу демилгеленди

10 Баш оона 2018 17:28 Бишкек Govori.TV
Бишкек.10.08.2018.Govori.TV.
Кыргыз журналистикасынын мыктысы Уланбек Эгизбаевдин ысымын түбөлүк калтыруу максатында Чүй облусунун Байтик айыл өкмөтүнүн Самат Алиев баштаган жаштары Кыргыз Ала-Тоолорунун бир чокусуна анын атын коюу демилгесин көтүрүп чыгышты.
Бул максатта «Азаттык» радиосунун жамаатынын жетекчилиги менен жолугушуу өткөрүп, жылуу пикир алышканын журналист Канышай Мамыркулова билдирди.
«Аталган демилгечилерди колдойм дегендер болсо Самат Алиев баштаган топ менен байланышсаңар болот»,- деп кошумчалады журналист.
Белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Атада каза тапкан. Ал 28 гана жашта эле.
Количество просмотров: 31