• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Шакиев баштаган парламенттик делегация Беларуска жөнөп кетти

4 Тогуздун айы 202310:54 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 4-октябрда Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Беларуска расмий иш сапары менен жөнөп кетти.

Расмий сапардын алкагында төрага Нурланбек Шакиев жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Алсак, жолугушууларда эки өлкөнүн ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланары күтүлүүдө.

Кошумчалай кетсек, делегациянын курамында депутаттар Медербек Саккараев, Бактыбек Сыдыков, Эльмурза Сатыбалдиев, Улугбек Ормонов, Мурадил Сыдыков, Бахридин Шабазов жана Арсланбек Малиев бар.

Количество просмотров: 80