• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Шакиев: Бизде сөз эркиндиги бар, ким эмне кааласа айта алат

17 Үчтүн айы 2024 11:28 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 17-январда парламенттин жалпы жыйынында сөз сүйлөгөн ЖК төрагасы Нурланбек Шакиев Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экендигин айтып, айрым жалпыга маалымдоо каражаттарына байланыштуу иштер мыйзамдын чегинде тергөө иштери жүрүп жатканын, ким күнөөлүү же күнөөсүз экенин сот аныктай турганын билдирди.

“Азыркы болуп жаткан сөз эркиндигине кысым же болбосо кысым дегенге мен кошулбайм. Себеби, баардык нерсенин чеги болот. Эң биринчи жоопкерчилик болуш керек. Кайсы бир сырттагы уюмдардан каржылангандар Кыргызстандын бүгүнкү стабилдүүлүгүнө, өсүп жаткан экономикасына терс таасирин тийгизбей койбойт. Көптөгөн, журналистикага жамынган, өздөрүн журналист деп эсептеген блогерлердин ээн ооздугунан, ээн баштыганан өлкөдө ар кандай пикирлер бар. Бизде сөз эркиндиги бар. Ким эмне кааласа айта алат, дей алат”, — деди спикер.

Кошумчалай кетсек, ушул эле жыйында сөз алган депутат Дастан Бекешев президент Садыр Жапаровго кайрылып, жалпыга маалымдоо каражаттарына байланыштуу акыркы окуялар боюнча комиссия түзүү сунушун берген.

16-январда Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына шектүү катары жеткирилген 11 журналист милициянын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камакка алынды. Алар “Темиров LIVE”, “Айт, айт десе” долбоорлорунда иштеген, мурда иштеп кеткен, кызматташкан журналисттер жана активисттер.

15-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери 24.kg маалымат агенттигинин кеңсесинде айрым техникалык каражаттарын алып кеткен жана үч кызматкерин суракка алып, кое берген.

Количество просмотров: 81