• Шаршемби 10 Кулжа 2026
  • Среда 10 Июнь 2026

Шакиев Россияга иш сапары менен барды

19 Бештин айы 202310:14 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Россия Федерациясына иш сапары менен барды. Бул тууралуу парламенттин Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирет.

Иш сапардын алкагында төрага Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын кезектеги жыйындарына катышат. Андан тышкары, аталган жыйындарга ассамблеяга мүчө мамлекеттердин парламент жетекчилеринен тышкары, байкоочу макамындагы мамлекеттердин өкүлдөрү да катышары күтүлүүдө.

Алсак, төрага Нурланбек Шакиев баштаган Жогорку Кеңештин делегациясынын курамында депутаттар Эльмурза Сатыбалдиев, Улугбек Ормонов жана Бактыбек Сыдыков бар.

Количество просмотров: 96