• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Шакиев Санкт-Петербург шаарына кетти

11 Теке 202415:59 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев иш сапары менен Россиянын Санкт-Петербург шаарына барды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Сапардын алкагында Төрага Нурланбек Шакиев Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын кеңешинин жыйынына, ошондой эле X БРИКС парламенттик форумуна катышат.

Андан тышкары, жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Эскерте кетсек, Төрага баштаган делегациянын курамында депутаттар Бактыбек Сыдыков жана Бактыяр Калпаев бар.

Количество просмотров: 148