Бишкек-Ош унаа жолунда 10-августтан 11-августка караган түнү Шамалды-Сай айылына жакын жерде алты адам каза болгон каргашалуу жол кырсыгы катталды. Бул маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тастыктады.
Кырсыктын кесепетинен алты адам каза болуп, дагы экөө оор абалда ооруканага жаткырылган. Маалым болгондой, кырсык Бишкек-Ош унаа жолунун 480-чакырымында болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, жеңил унаа ашып өтүп, жүк ташуучу унаа менен кагышкан.
ӨКМдин куткаруучулары каза болгондордун сөөгүн унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берүүгө жардам беришкен.