• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Шамиль Атаханов менен Майрамбек Акматалиев камакка алынбайт

21 Кулжа 2019 21:30 Бишкек Govori.TV

Бишкек.21.06.2019.Govori.TV.

Мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атахановдун жана Нарын облусунун прокурорунун орун басары Майрамбек Акматалиевдин бөгөт чарасы Биринчи май райондук сотунда каралды.

Сот Шамил Атахановду тергөө аягына чыкканга чейин үй камагында калтырды.

Майрамбек Акматалиевдин бөгөт чарасы катары анын өлкөдөн чыгышына тыюу улантылды.

Эске салсак, Шамил Атаханов Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулушу боюнча шектүү катары 21-майда камакка алынган. Шамил Атаханов кылмыш ишинин алкагында 7-июнда Бишкектеги №1 тергөө абагынан ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилген. Тергөө менен кызматташуу ниетин билдиргенден кийин ал ошол жерден үй камагына чыгарылган.

Нарын облусунун прокурорунун орун басары Майрамбек Акматалиевдин бөгөт чарасы катары анын өлкөдөн чыгышына тыюу 29-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту менен салынды. Бөгөт чарасы 26-июнга чейин деп чектелген. Мындай чара ага карата тергөө менен кызматташуу ниетин билдиргенден кийин кабыл алынган.

Атаханов экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө берди деген маалыматты ИИМ депутаттык комиссияга жарыялаган.

Майрамбек Акматалиев экс-башкы прокурор Аида Саляновага каршы көрсөтмө берди деген маалымат тараган.

Количество просмотров: 23