• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Камалган журналисттердин бөгөт чарасын сот карап баштады

17 Үчтүн айы 2024 18:58 Бишкек Govori.TV

Кармаган 11 журналисттин бөгөт чарасы Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралып башталды. Бул тууралуу адвокаттар кабарлашты.

Ушул тапта журналисттер соттун имаратына жеткирилди. Соттун имаратын көптөгөн милиция кызматкерлери кайтарып жаткандыгы кабарланды.

Эскерте кетсек, Ички иштер министрлиги (ИИМ) «Массалык башаламандык уюштурган» деген шек менен 16-январда “Темиров LIVE”, “Айт, айт десе” долбоорлорунда иштеген жана мурда иштеп кеткен журналисттерди кармап, алар 48 саатка камалышкан.

Количество просмотров: 2913