25-26-27-январь күндөрү “GOVORI.TV” агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында онунчу тренингин өткөрдү. Ага өлкөбүздүн булуң-бурчунан айылдык кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активист, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер келген.
Алардын бири Жеңишкан Шарипова 52 жашта, К. Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңешинин эки жолку чакырылышынын депутаты.
«Өзүмдүн кесибим медайым. 2015-жылдан бери аялдардын гендердик теңчилиги боюнча иш алып барып келем. Аялдар демократиялык тармагынын Алай району боюнча координатору болуп иштеп жүрөм. Аялдар жөнүндө маселе көтөрүлгөндө менин жүрөгүмдү ооруткан нерселер көп болуп келет. Алардын бири, аялдарга болгон зордук-зомбулук…», — дейт Шарипова.