• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Шарт жок». 35 адамдан коронавирус чыккан төрөтканадан аялдардын жарымы көчүрүлдү

29 Бугу 2020 3:16 Бишкек Govori.TV

Коомчулукта Ош шаардык төрөтканадан 35 адам коронавирус илдетин жуктуруп алган учурду талкууга алышууда. Фейсбук соцтармактын колдонуучусу жогоруда сөз болгон төрөтканада анын тууганы көз жарганын жана ал жактын шарттары абдан начар экенин айтып чыккан. Анын айтымында оорубаган адамдарды эле обсервацияга жайгаштырып, ооруну жугузуп алуу тобокелдигин күчөтүшкөн.

«Себеби ал төрөтканада эч кандай шарт жок, жада калса бир кабатка бир гана дараткана бар экен. 14 күнгө обсервацияга жаткырышып, ал эми анализдерди акыркы күнү гана алып келишкен. 30дан ашык кишиден коронавирус чыккандан соң калгандарды дагы 14 күнгө жаткырып салышты. Анысы аз келгенсип бир тобунан вирус аныкталган соң гана ал жактагы аялдардын теңин башка жакка көчүрө башташкан. Муну башында эле кылса болбойт беле? Баарын бир жерге тыгып коюп, ооруну таратып алган соң ойлонбой», — деген суроо узаткан колдонуучу.

https://www.facebook.com/100002647809768/posts/2851596688271897/

Ал эми бул боюнча Ош шаарынын мэриясы түшүндүрмө берди.

«Ош шаарында 30-апрелден 12-майга чейин абал туруктуу сакталып, 113 оорулуунун баары айыгып чыккан. 13-майда Ош шаардык төрөт үйүндө 1 медайымдан бул илдет аныкталып, изоляцияга алынган. Ошол эле күнү шаардык төрөтканада иштеген медицина кызматкерлери жана пациенттерди обсервацияга алуу, ПЦР анализин алуу боюнча чечим чыгарылган», — деп айтылат маалыматта.

12 күн өткөндөн кийин 25-майдан тарта кайра кайталанып анализ алына баштаган. Жыйынтыгында 26-майда төрөтканада иштеген 7 медицина кызматкеринен, 27-майда 34 адамдан (15 медицина кызматкери, 19 пациент) бул илдет аныкталып, алар изоляцияга алынган.

«Урматтуу шаардыктар, 800гө жакын адам катуу көзөмөлгө алынып, обсервацияга жаткырылбаганда абал оорлошмок. 15 күн ичинде көчөдө оору эч кимге жуккан жок. Обсервациядагы 12-майга чейин оору жугуп калган адамдардын клиникасы азыр чыгып жатат», — деп билдирет Ош шаарынын мэриясы.

Количество просмотров: 101