Бишкек шары менен Чүй облусунун аймагында жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде катуу шамал күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган аймактарда күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.