Унаа жолдордо кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, 2022-жылдын 10-мартынан 15-мартына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар.
Маалыматка ылайык төмөнкү аймактарда кар көчкү болуусу мүмкүн:
Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу);
Бишкек-Ош унаа жолунун 198-255 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);
Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун (Чапчыма ашуусу) 70-75, 86-101 чакырымдарында;
Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымдарында;
Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 55-107-чакырымдарында;
Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44 чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси);
Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 60-94 чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу);
ӨКМден билдиришкендей, 22-июндан 25-июнга чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын …