• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Шашылыш билдирүү: Үшүк жүрүп, суу капташы мүмкүн

3 Чын куран 201915:01 Бишкек Govori.TV

Бишкек.03.04.2019.Govori.TV.

Кыргызстандын тоолуу райондорунда 7-8-апрелде үшүк жүрүшү мүмкүндүгүн ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Бул аптада нөшөрлөп жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөрү айтылган.

4-6-апрелде нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен Чүй менен Таласта кыян жүрүшү мүмкүн. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы дарыялар нугунун чыгып, суунун деңгээли көтөрүлөрү айтылууда. Андыктан ӨКМ арыктар менен каналдарды тазалоону эскертти.
7-8-апрелде Таластын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында үшүктүн күчү 0…-3 градуска жетиши мүмкүн.

Мындай суук гүл ачкан абрикостор, жаңы гана бүчүр байлаган мөмө бактары үчүн кооптуу экени айтылды.

9-апрелде жаан-чачын болбойт. Ал эми 10-апрелде бир катар райондордо күн жаайт дешти. Аба улам өзгөрүп, бирде ысып, бирде сууп кетиши мүмкүн.

Количество просмотров: 13