Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 6-мартынан 9-мартына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Чүй облусу, Жайыл району, Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 1-14 чакырымдарында (Талас облусу, Талас району,Өтмөк ашуусу), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 74-115-чакырымдарында, Ала-Бука-Жаңыбазар-Киров унаа жолунун 68-101-чакырымдарында (Жалал-Абад облусу, Чаткал району, Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында жана Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44-чакырымдарында (Жалал-Абад облусу, Тогуз-Торо району, Ийри-Суу тилкеси), 67-93-чакырымдарында (Жалал-Абад облусу, Тогуз-Торо району, Кара-Гөө ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.