26-ноябрда жана 27-ноябрда түнкүсүн туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
26-ноябрда көпчүлүк аймактарда, 27-ноябрда түнкүсүн Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарында, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Жолдордун тоолуу аймактарында кар күрткүсү түшүп, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Кээ бир жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетет.
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -22…-27 градуска чейин, күндүз -10…-15 градуска чейин үшүк жүрөт.
Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, жайыттарда мал кармоону, унаа, байланыш, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.