• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Шашылыш билдирүү: туруксуз аба-ырайы күтүлөт

28 Жетинин айы 2018 14:37 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 28.11.2018. Govori.TV.
30-ноябрда күндүз жана 1-декабрда туруксуз аба-ырайы күтүлүп, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
1-декабрда көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундысына 4-9 метрден, айрым жерлерде 18-23 метрге чейин жетиши күтүлөт. 1-2-декабрда абанын температурасы кескин төмөндөйт. Мындай туруксуз аба-ырайы энергетика, коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Тоолуу райондордогу унаа жолдор тайгак, тоңголок болуп кар күрткүсү күтүлөт жана жаан жааган убакта унаа жолдордо көрүү аралыгы төмөндөп унаалардын кыймылдоосун кыйындатат.
Эске сала кетсек, 29-ноябрдан башкап Бишкек-Ош унаа жолунун кээ бир чакырымдарында артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлөт.

Количество просмотров: 27