• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Шашылыш билдирүү: туруксуз аба-ырайы жана кар көчкү түшүүcү күтүлүүдө

10 Бирдин айы 2020 16:46 Бишкек Govori.TV

2020-жылдын 10-12-февралдарда Кыргызстандын аймагында аба-ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт: 10-февралда түнкүсүн өрөөндөрдө жаан жаап, күндүз жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 11-12-февралдарда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

10-11-февралдарда жана 12-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат. Каттуу жаан-чачын жааган убакта унаа жолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, унаалардын кыймылдоосун кыйындатат. Электр зымдарга суу кар жабышып, алардын үзүлүү коркунучун алып келет.

2020-жылдын 10-февралынан 13-февралына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-115-чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл

Количество просмотров: 76