• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жаандан кийин Бишкекти суу каптады. Мэрия жарандарга кайрылат

12 Бугу 20269:27 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарда Бишкектин тургундары жаан учурундагы суу каптаган көчөлөрдүн жана тротуарлардын сүрөт, видеолорун жарыялашууда. Алар мындай көрүнүштөр ар жаан жааган сайын катталып келгенин айтышып, тиешелүү мекемелерди мындай жагдайларды алдын алуу маселесин кароого чакырышкан.

Бул арада Бишкек шаарынын мэриясы социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасап, арыктардын бүтөлүп, көчөлөр менен короолордун суу каптоосунун негизги себептеринин бири — арыктарга ташталган таштандылар экенин айтты.

«Мындай жоопкерчиликсиз мамиле көчөлөрдүн жана короолордун суу алдында калышына алып келүүдө. Шаар тургундарын жана конокторун айлана-чөйрөнү таза сактоого, арыктарга таштанды ыргытпоого чакырабыз», — деп кайрылат мэрия.

Кошумчалангандай, шаардык кызматтар жана тиешелүү адистер суу ташкынынын кесепеттерин жоюу жана арыктарды тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат.

Количество просмотров: 176