• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ӨКМ чукул билдирүү таратты

10 Кулжа 202513:11 Бишкек Govori.TV

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 10-июнь күндүн экинчи жарымында жана 11-июнунан 13-июнуна чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан локалдык нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

«Бул күндөрү тоолуу аймактарда, жаратылышта эс алуудан баш тартып, коопсуз жайларда болуңуздар. Кандайдыр бир өзгөчө кырдаалдарга кабылсаңыз токтоосуз 112 кызматына чалыңыз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат», — деп жазылат билдирүүдө.

Количество просмотров: 241