• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Шатемиров: Тендердик комиссиянын чечими негиздүү болгон

11 Тогуздун айы 2018 16:41 Бишкек Govori.TV
Бишкек.11.10.2018.Govori.TV.
Маалымат технологиялары жана байланыш комитети Мамлекеттик сатып алуу департаментинде даттануулар боюнча түзүлгөн комиссиянын чечимине каршы район аралык сотко кайрылды. Бул тууралуу тендердик комиссиянын төрагасы Кубанычбек Шатемиров айтып берди.
«Биз көз карандысыз комиссиянын чечимине каршы чыгып, бул суроону сот аркылуу чечүунү туура көрдүк. баштапкы чесимди чыгаргын тендерлик комиссиянын чечимин жокко чыгаруу туура эмес болду»,-деди Шатемиров.
Эскерте кетсек, 5-октябрда Мамлекеттик сатып алуу департаментинде даттануулар боюнча түзүлгөн комиссия «долбоорду ишке ашыруучу катары тандалып алынган “Вега” концернинин иш тажрыйбасы жок» деп жыйынтык чыгарган. Буга сынакка катышкан дагы бир орусиялык «Маалымат тутумунун коопсуздугу» мекемесинин жазган арызы негиз болгон. Ал компания «Вега» жол эрежелери бузулган учурларды видеого жаздырып алуу жагынан тажрыйбасы жок экенин айтып чыккан.

 

Количество просмотров: 35