• Бейшемби 18 Кулжа 2026
  • Четверг 18 Июнь 2026

Шавкат Мирзиёев 12-октябрда Казакстанга барат

11 Тогуздун айы 202217:16 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 12-октябрда Казакстанга барат. Бул тууралуу өзбек лидеринин басма сөз катчысы Шерзод Асадов билдирди.

Анын айтымында, Мирзиёев 13-октябрда Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин 6-саммитине, 14-октябрда Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) өлкө башчыларынын кеңешинин жыйынына жана «Борбор Азия – Орусия» саммитине катышат.

Сапардын алкагында Өзбекстандын президенти Вьетнамдын вице-президенти Во Тхи Ан Суан, Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф жана бир катар эл аралык уюмдардын жетекчилери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Количество просмотров: 124