• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Шавкат Мирзиёев Душанбеге барды

10 Кулжа 2021 14:17 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бүгүн, 10-июнда расмий сапары менен Тажикстанга барды.

Тажик президентинин расмий сайты Эмомали Рахмон өзбекстандык кесиптешин Душанбе эл аралык аэропортуна барып жеке өзү тосуп алганын кабарлады.

Андан соң президенттер расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн Улуттар ордосуна барышты.

Буга чейин Шавкат Мирзиёевдин Тажикстанга сапарында 30дан ашык документке кол коюлары кабарланган.

Ислам Каримовдун тушунда начарлап кеткен Ташкент менен Душанбенин ортосундагы мамиле Өзбекстанда бийликке Шавкат Мирзиёев келгенден кийин жакшыра баштаган.

Акыркы жылдары коңшу эки өлкөнүн ортосундагы товар алмашуу көлөмү көбөйүп, былтыр 500 миллион доллардан ашкан.

Количество просмотров: 142