• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Шеримбекова: Ийгиликке жеткен айымдардан үлгү алып, өз тажырыйбамда колдонгум келет

11 Бештин айы 2021 11:43 Бишкек Govori.TV

“GOVORI.TV” мультимедиалык маалымат агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренинг өткөрдү. Ага өлкөбүздүн 7 дубанынан алдыңкы айымдар келген. Алардын бири Арзыгүл Шеримбекова.

Ал Нарын шаарынан келген, №8 Арстанбек Буйлаш уулу атындагы мектепте соцпедагог болуп эмгектенет.

«Буга чейин ошол эле Нарын районундагы Учкун айылында мектеп директору болуп иштегем. Мен бул тренингден күткөн нерсем абдан чоң. Себеби, программасы менен таанышкан учурда байкадым, аялдар арасында ийгиликке жеткендер менен таанышат экенбиз. Алардан алган тажырыйбамды өз ишимде колдонгум келет», — деди ал.

Количество просмотров: 186