• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

ШИИББ: Кармалган шектүүлөр көрсөтмө берүүдөн баш тартууда

6 Аяк оона 2019 13:49 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Жал кичи районундагы мушташ боюнча кармалган бир туугандар окуя боюнча көрсөтмө берүүдөн баш тартып жатат. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин башчысы Канат Джумагазиев бүгүн, маалымат жыйында билдирди.

“Издөө иштери боюнча бардык шектүүлөрдүн дарегин таап, туугандарына түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнбүз. Натыйжада, түнкү саат 04:00дө агасы телефон чалып, аларды алып келди.Учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилген шектүүлөр өздөрү да көрсөтмө берүүдөн баш тартышууда”,-деди Бишкек ШИИББинин башчысы.

Ал эми ШИИББинин башчысы Нурлан Утемисов кармалган шектүүлөр бир туугандар экенин кошумчалады.

Эске салсак, 28-август күнү  Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишинде катталган мушташта эки киши мыкаачылык менен сабалып, бири комага түшкөн. Көп өтпөй, шектүүлөрдүн өздүгү аныкталып, Бишкек ШИИББи Жаныбек Бапышов менен Калысбек Сейитбековго издөө жарыялаган. Ал эми окуя болгон жерден шектүүлөрдү алып кеткен Чүй ОИИББинин 1 кызматкерине кылмыш иши козголгон.

Количество просмотров: 60