• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ширин Айтматова УКМКда дээрлик 5 сааттай сурак берди

5 Бештин айы 2019 9:39 Бишкек Govori.TV

«Үмүт-2020» коррупцияга каршы коомдук кыймылынын жетекчиси Ширин Айтматова кечээ УКМКга суракка чакырылып, дээрлик 5 сааттан кийин чыкты. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактардагы баракчасына жазды.

https://twitter.com/AitmatovaShirin/status/1202239526242050048

«Сурак мыйзамдуу негизде тынч өттү. «Тянь-Шандын конторбандисттери» чыгармасын окуп чыгууга үлгүрдүм»,-деп жазган.

Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «Азаттыктын» иликтөөсүнө тиешеси бар адамдардын баары суракка чакырыларын билдирген. Билдирүүгө ылайык, ишти иликтөөнүн жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов, Дүйшөн Төрөкулов,«Үмүт 2020» саясий кыймылынын түзүүчүсү Ширин Айтматова, президенттин инаугурациясын өткөрүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү Фарид Ниязов, Мухаммедкалый Абылгазиев, Турдуназир Бекбоев жана башкалар суракка чакырыла тургандыгы айтылат.

Количество просмотров: 121