Шанхай кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясынын төрагасы Чжан Хайчжоу Кыргызстанда Конституция боюнча референдум мыйзамга ылайык өткөрүлгөнүн айтты.
Ал билдиргендей, ШКУнун миссиясынын байкоочулары Конституция боюнча референдумга даярдык жана аны өткөрүүгө байкоо жүргүздү.
“Миссия Конституция боюнча референдум Кыргызстандын мыйзамына ылайык жана эл аралык милдеттенмелердин негизинде өткөрүлгөнүн билдирет. Ошондой эле миссия референдум ачык-айкын жана лигитимдүү болгонун маалымдайт. Күн мурун байкоочулардын мүчөлөрү Бишкек жана Чүй облусундагы шайлоо тилкелерине байкоо жүргүздү. Миссиянын корутундусу жүргүзгөн байкоонун жана чогултулган материалдардын негизинде чыгарылды”, – дейт ал.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда 11-апрелде Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жана Конституция боюнча референдумга добуш берүү өттү.