• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынынын жыйынтыктары боюнча Бишкек декларациясына кол коюлду

14 Кулжа 2019 15:28 Бишкек Govori.TV

Бишкек.14.06.2019.Govori.TV.

14-июнда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынынын жыйынтыктары боюнча Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө- мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин Бишкек декларациясына кол коюлду.

Андан тышкары, төмөнкү документтерге кол коюлду:

—​ Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин 2018-2023-жылдарга Баңгизатка каршы стратегиясынын аткарылышы боюнча Программасынын пункттарын ишке ашыруу боюнча Иш​ планын (2019-2020-ж.ж.) бекитүү жөнүндө чечим;

—​ Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин региондорунун башчыларынын Форумунун Регламентин бекитүү жөнүндө чечим;

—​ ШКУга мүчө-мамлекеттердин санариптештирүү жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндөгү кызматташтык Концепциясын бекитүү жөнүндө чечим;

—​ Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин региондор ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү Программасын бекитүү жөнүндө чечим;

—​ Шанхай кызматташтык уюмунун өткөн жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу Шанхай кызматташтык уюмунун Башкы катчысынын Докладын бекитүү жөнүндө чечим;

—​ Шанхай кызматташтык уюмунун Регионалдык антитеррористтик түзүмүнүн Кеңешинин Шанхай кызматташтык уюмунун Регионалдык антитеррористтик түзүмүнүн 2018-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу Баяндамасын бекитүү жөнүндө чечим;

—​ Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин 2019-2021-жылдар мезгилинде айлана-чөйрөнү коргоо жаатында кызматташуу Концепциясын ишке ашыруу боюнча иш​ чаралардын Планын бекитүү жөнүндө чечим;

—​ Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгы менен Бириккен Улуттар Уюмунун гуманитардык маселелерди координациялоо боюнча Башкармалыгынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюу тууралуу чечим;

—​ Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгы менен Дүйнөлүк туристтик уюмунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү Меморандумга кол коюу тууралуу чечим;

—​ Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгы менен «Астана» Эл​ ортосундагы финансы борборунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюу тууралуу чечим;

—​ Шанхай кызматташтык уюму менен Бириккен Улуттар Уюмунун Тамак аш​ жана айыл чарба уюмунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюу тууралуу чечими;

—​ Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгы менен Бириккен Улуттар Уюмунун Европа экономикалык комиссиясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюу тууралуу чечим;

—​ «ШКУ-Афганистан» Байланыш тобунун мындан аркы иш-аракеттеринин Жол картасына кол коюу жөнүндө чечим;

—​ Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынынын жыйынтыктары боюнча маалымат билдирүү (кол коюусуз кабыл алынат).

Ошондой эле ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынынын алкагында ШКУга мүчө-өлкөлөрдүн мамлекеттик органдары тарабынан кол коюлган документтер:

—​ Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрү ортосундагы жалпыга маалымдоо каражаттары чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө келишим;

—​ Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары ортосундагы дене тарбия жана спорт жаатындагы кызматташтык жөнүндө келишим;

—​ Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин 2019-2021-жылдарга саламаттык сактоо жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча негизги чаралар Планы;

—​ Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгы жана Дүйнөлүк туристтик уюм ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;

—​ Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгы жана Бириккен Улуттар уюму Башкармалыгы ортосундагы Гуманитардык маселелерди координациялоо боюнча өз-ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;

—​ Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгы жана Эл​ аралык «Астана» финансылык борбору ортосундагы Өз-ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;

—​ «ШКУ-Афганистан» Байланыш тобунун мындан аркы иш-аракеттеринин Жол карта

Теги:
Количество просмотров: 16